Бүгүн, 3-майга карата Кыргызстанда дагы 26 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 7 бейтап медицина кызматкери экенин эртең мененки онлайн маалымат жыйында коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
• Чүй облусунда – 2;
• Бишкек шаарында – 5.
Анын айтымында, муну менен COVID-19 вирусун жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 207 адамга жетти. Алардын ичинен 139 медицина кызматкери айыгып, ооруканадан чыгарылды.