COVID-19 вирусунан каза тапкан соӊку эки бейтап ооруну кантип жуктуруп алган?

411

COVID-19 вирусунан каза тапкан соӊку эки бейтап ооруну кантип жуктуруп алган?

Биринчи учур – Жалал-Абад облусунун тургуну Екатеринбургдан 28-апрелде учуп келген жана алгоритмге ылайык обсервацияга алынган. COVID-19 вирусуна жыйынтыгы тастыкталгандан кийин ал Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканасына (РИКО) которулган.

Мурда коштоп жүргөн оорулары: жүрөктүн тубаса ишемиялык илдети, атеросклероз, тубаса бөйрөк жетишсиздиги жана инсулинге көз каранды кант диабети.

Экинчи учур – Бишкек шаарындагы №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун (ҮМБ) медкызматкери буга чейин коронавирусу тастыкталган №3 ҮМБнын кызматкери менен байланышкан. Анда вирус тастыкталгандан кийин, медкызматкер 24-апрелден тарта РИКОдо дарылана баштаган. Бейтапта коронавирус инфекциясы жана оор өткөн эки тараптуу пневмониясы, дем алуу жетишсиздиги жана баш мээсинде шишик диагноздолгон.

Мурда коштоп жүргөн оорулары: гипертониялык оору, атеросклеротикалык кардиосклероз.

КР Өкмөттүн коронавирустан жабыр тарткан медиктерге төлөмдөрдүн тартиби тууралуу чечимине ылайык, дарыгердин үй-бүлөсүнө 1 млн сом өлчөмүндө компенсация төлөнөт.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан 10 бейтап көз жумду.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь