Белоруссия жана Түркмөнстан 9-майда аскердик парад өткөрөт

253

Түркмөнстан дүйнөдөгү коронавирус пандемиясына карабастан, Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 75 жылдыгын аскердик парад жана майрамдык иш-чаралар менен белгилейт. Маалыматка караганда, ушу тапта аскер кызматкерлери парадка даярдык көрүп, атайын техникалар кароодон өткөрүлүүдө.

Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги өлкөдө аскердик параддан тышкары Жеңиш күнүнө карата согуш ардагерлерине жана тылдын катышуучуларына сыйлык берүү салтанаттары уюштуруларын жазды. Расмий түрдө коронавирус жуктургандар жок экени айтылып жаткан Түркмөнстанда көптөгөн адамдардын катышуусундагы түрдүү майрамдык иш-чаралар өткөрүлүп келет.

Ошондой эле Беларустун президенти Александр Лукашенко Минскиде өтө турган Улуу жеңиштин 75 жылдыгына арналган аскердик парадды башка күнгө которуу мүмкүн эмес экенин айтты. Лукашенко “көпкө ойлонгонун”, бирок согуштун ардагерлери “аларды иш-чарага алып келүүнү талап кылып жатканын” белгиледи. Президент “ардагерлер бийлик короноавирустан чочулап, парад уюштурбай койду деген ойдо калбасын” деп кошумчалады.

Беларус бийлигинин маалыматына караганда, өлкөдө 3-майга карата 16 миңге чукул кишиге коронавирус жуккан. Пандемия башталгандан бери 97 киши көз жумган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь