Бүгүн, 4-майда Өкмөт үйүндө Бишкек шаарынын вице мэри Татьяна Кузнецова шаардагы эпидемиологиялык кырдаал тууралуу онлайн маалымат жыйын берди.
«Бишкекте коронавируска чалдыккан 231 бейтаптын ичинен 190 адам шаардык каттоодогу даректер боюнча жашайт, 41 адамдын каттоосу башка шаарларда. Алардын арасынан 69 адам 16 калктуу конушта турушат», – деди Кузнецова.
Анын айтымында, COVID-19 вирусун жуктургандардын көбү Ленин районунда.
- Ленин районунда – 82;
- Октябрь районунда – 45;
- Биринчи май районунда – 41;
- Свердлов районунда – 21 адам.