Бишкекте эки унаа кагышып, бири жол четиндеги үйдүн дубалын барып сүздү (видео)

521

Бишкектин Горький жана Оренбург көчөлөрүнүн кесилишинде эки унаа кагышты. Авариялык абалдан улам бир унаа жөө жүргүнчүнү аз жерден сүзүп ала жаздады.

Видеонун авторунун айтымында, кырсык 3-майда катталган. Видеодо көрүнүп тургандай Toyota Camry катуу ылдамдыкта каршы тилкеде бара жаткан. Оренбург көчөсүнөн чыга калган унаа менен сүзүшүп, Toyota Camry жол четине ыргып барып үйдүн дубалын сүздү. Жөө бара жаткан жүргүнчү качып кетүүгө үлгүрдү.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь