Бишкекте өзгөчө абал алынгандан кийин ички блокпосттор кайра орнотулат

999

11-майдан тарта өзгөчө абал режими алынган учурда Бишкек шаарынын мэриясы борбордогу блокпостторду кайрадан коюуну карап жатышат. Бул тууралу вице-мэр Татьяна Кузнецова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, шаарга келе жаткандардан өткөрмө кагаздын, экспресс-тесттин же ПЦР-анализинин жыйынтыгы тууралуу маалым кат талап кылынышы мүмкүн.

Бишкек мэриясы борбордогу карантинге карата  ички  тосмо постторду кайрадан орнотууну карап жатат. Бул унааларды жана жөө жүргөн адамдардын кыймылын чектейт. Бишкек мэриясы карантиндин чараларын күчөтүүнү колго алат. Андан тышкары инфекция тарап жаткан очогу чыккан жерлерге кошумча карантин посттору коюлат“,- деди Кузнецова.

Вице-мэрдин айтымында  вирус чыккан аймактардын көбү жаңы конуштардан катталып жатат. Ушул конуштарда карантинди күчөтүү зарылдыгын билдирди.

Эскерте кетсек Бишкекте 1-майдан тарта айрым  тармактар ишке кирип, таксилер жүрө баштаган эле.

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь