Бүгүн Кыргызстандын спорт жылдызы Айсулуу Тыныбекова 27 жашка толуп, социалдык тармакта куттуктоолор жазылууда.
Айсулуу Тыныбекованын өмүр баяны:
Айсулуу Тыныбекова 1992-жылы Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында төрөлгөн. Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылында чоңойгон.
Тыныбекова кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча эл аралык класстагы чебер, КРдин көп жолку чемпиону.
— Кыз-келиндер арасында өткөн Кыргызстандын чемпионатынын бир нече жолку жеңүүчүсү
— 2010-жылы Бангкокто өткөн Азия чемпионатында коло медаль
— 2012-жылы Алматыда өткөн лицензиялык турнирде күмүш медаль
— 2013-жылы Таиландда өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатында алтын медаль
— 2013-жылы Болгарияда өткөн жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль
— 2013-жылы Индияда өткөн Азия чемпионатында коло медаль
— 2013-жылы Казань шаарында өткөн дүйнөлүк универсиадада коло медаль
— 2014-жылы Астанада өткөн Азия чемпионатында күмүш медаль
— 2014-жылы Кытайда өткөн Азия оюндарында коло медаль
— 2015-жылы Катар мамлекетинин Доха шаарында өткөн Азия чемпионатында күмүш медаль
— 2016-жылы Бангкокто өткөн Азия Чемпионатында алтын медаль
— 2017-жылы Индияда өткөн Азия чемпионатында алтын медаль
— 2017-жылы Ислам тилектештин оюндарында алтын медаль
— 2017-жылы Францияда өткөн дүйнө чемпионатында коло медаль
— 2017-жылы Индияда өткөн Азия чемпионатында алтын медаль
— 2017-жылы Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы Азия оюндарында күмүш медаль
— 2019-жылы Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө чемпионатында алтын медаль алган
КРдин эмгек сиңирген спортчусу, “Данк” медалынын ээси.
Тыныбекова Нурбек Изабеков менен Түгөлбай Базакечевдин жетекчилиги алдында машыгат.
Булак: koom.press