Бүгүн, 4-майда, Казакстан тарабы менен биргеликте кызматташып, Кыргызстанга Украина, Австрия, Венгрия, Чехия жана Словакиядан 29 кыргызстандык кайтып келди.
Украина авиакомпаниясынын коммерциялык чартердик авиакаттамы аркылуу Тараз шаарынын эл аралык аэропортуна “Киев-Будапешт-Тараз” маршруту боюнча келген биздин жарандар КР саламаттыкты сактоо уюмунун кызматкеринин коштоосунда атайын транспорт менен Бишкек шаарына алынып келинди.
Чет мамлекеттерде калган мекендештерди кайтаруу жолдору, анын ичинде өнөктөш өлкөлөрдүн колдоосунда жана кызматташуусунда, уланып жатат.