Москвада эки бир тууган 11-кабаттын терезесинен кулап кетип, экөө тең ошол жерден жан берди. Каргашалуу окуя 2-майда Талалахин көчөсүндө болгон. 7 жана 10 жаштагы ага-ини ойноп жатып кантип кулаганын үйдөгү 41 жаштагы апасы байкабай калган. Үйдө ошондой эле балдардын улуу эжеси болгону да айтылат.
Каза болгон балдардын атасы – 44 жаштагы ийгиликтүү бизнесмен, ал жаш балдарга арналган бир нече кийим дүкөндөрдүн ээси.
Бир туугандар театралдык студияга барышчу, экөө тең «Вечерний Ургант» телеберүүсүнүн «Взгляд снизу» рубрикасына тартылган. Ошондой эле улуусу белгилүү рэпер Бастанын клибине тартылууга дагы катышканы белгилүү.