Жаабарс ак илбирси музоого кол салып этин жеп жаткан жеринен малдын ээси кармап алганын Фейсбук колдонуучу жарыялады. Окуя бүгүн 4-майда Нарында болгону айтылат.
“Жолдошбек мырза бул илбирсти музоосун жеп жаткан жеринен кармап алыптыр, алы жок музоонун ичин араң жарыптыр. Бир көзү көрбөйт экен. Көп жыл жашаганы көрүнүп турат өз алдынча жашап кете алчудай эмес”,-деп жазат интернет колдонуучу.
Анын айтымында жаныбар тиешелүү орган кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.