3-майда түштөн кийин нөшөрлүү жамгырдын артынан Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Жаңы-Жол айыл аймагында сел жүрдү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, жолдун жээгиндеги арыктардан суу ташкындап үч турак жайдын, азык-түлүк саткан үч дүкөндүн короосун каптады. Жолдун бир бөлүгүн суу жеп кетти.
Куткаруучулар жана башка адистер жеринде тазалоо иштерин жүргүзүшүүдө. Жолдун бир тарабына таш тизип жатышат.
4-майда түнкү саат 01:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда алдын ала алынган маалымат боюнча, Ак-Жол айылында кыска мөөнөттө жаап өткөн жаан чачынга байланыштуу Ак-Жол айылында 8 турак үйдүн короолорун, Шына айылында 10 турак үйдүн короолорун, ошондой эле Эчкилик-Сай жана Жолборсту айылдарындагы ички чарбалык унаа жолдорун суу каптаган.
Жерине Аксы райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүү үчүн чыгып кетишкен.