28 -апрель күнү Жумгал районунун Баш-кууганды айылындагы “Көлмө” жайлоосуна кетчү жолдо Баш-Кууганды суусунун дэңгээли жогорулап, суу ташкындап, 3 даана көпүрөнү жана жолдун 700 погондук метр аралыгын суу алып кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
28-29-апрель күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн жана аба ырайынын температурасынын жогорулагандыгына байланыштуу суунун дэнгээли жогорулаган. Калыбына келтирүү иш чаралары жергиликтүү бийликтин күч каражаты менен аткарылып,3 техника тартылган. Калыбына келтирүү иштери аяктады.