COVID-19 илдетин жуктурган саламаттыкты сактоо уюмдарынын кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөрдүн негизи:
1. инфекциялык оору менен ооругандар – 1000дик эсептик көрсөткүчтөн кем эмес (КР Өкмөтүнүн чечими менен өзүнчө аныкталат);
2. I топтогу майыптарга – ээлеген кызмат орду боюнча 10 жылдык маянасынын өлчөмүндө;
II топтогу майыптарга – ээлеген кызмат орду боюнча 8 жылдык маянасынын өлчөмүндө;
III топтогу майыптарга – ээлеген кызмат орду боюнча 5 жылдык маянасынын өлчөмүндө;
3. Алган жаракаты, травма, контузия алгандарга ээлеген кызмат орду боюнча маянасынын 10дон 20 эселенген өлчөмүнө чейин бир жолку акчалай жөлөкпул төлөнүп берилет;
4. Курман болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө эсептешүү көрсөткүчүнүн 5000 эселик өлчөмүнөн кем эмес компенсация төлөнөт (КР Өкмөтүнүн чечими менен өзүнчө аныкталат).
Кызматкердин толук же жарым-жартылай багуусунда турган жогоруда аталган кызматкерлердин үй-бүлө мүчөлөрү, алар үчүн жашоо каражаттарынын туруктуу булагы болуп саналган адамдардын акыркы ээлеген кызматы боюнча 20 жылдык маянасынын өлчөмүндө кошумча компенсация алышат.