Бүгүн, 4-майда саат 09:20га карата Казакстанда дагы 44 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Жаңы учурлар Нур-Султан (8), Алматы (6), Чымкент (1) шаарларында, Батыш Казакстан (12), Актөбө (7), Караганда (4), Атырау (3) жана Жамбыл (3) облустарында катталды. Муну менен Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 3964 адамга жетти.
Ал эми Өзбекстанда 4-майга караган түнү дагы 13 адам коронавирус менен катталды. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бейтаптардын жалпы саны 2149 адамга жетти.
Учурда Өзбекстанда 1308 адам коронавирустан айыкты. Жалпы 10 адам көз жумган.