Кыргызстандагы Иорданиянын консулдугу 8 млн сомдук жардам көрсөттү. Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, жардамды Иордания Хашимит Королдугунун Кыргызстандагы консулу Аль-Саббах Карам Самир Адиб тапшырган.
Азык-түлүк жана жеке гигиеналык каражаттар социалдык жактан муктаж үй-бүлөлөргө, медициналык кызматкерлерге, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына, карылар үйүнүн туруктуу жашоочуларына жана оор абалдагы топко кирген башка социалдык объектилерге берилет.