Баткен облусунда чек арачылар кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек чек арасынан аткезчилигин жүгүн аныктады. Бул тууралуу бүгүн 4-майда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдирди.
Кадамжай районундагы Арпа-Сай айылындагы Шыйпан жерлигинде чек арачылар 1981-жылы туулган Кыргызстандын жараны башкарып бара жаткан “Мерседес-Спринтер” унаасын текшерүүгө алышкан. Анда кургатылган жемиштер жана калк колдонуучу товарларды Кыргызстандан Өзбекстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган.
Мындан тышкары бүгүн Лейлек районунун Майты жерлигинде Hyundai-Porter үлгүсүндөгү эки унаа кармалды. Айдоочулар 3 тонна пиязды Тажикстандан Кргызстанга мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылышкан.
Кармалгандардын жанында жүккө тийиштүү документтер болгон эмес. Алдын ала маалыматтар боюнча, аткезчилик жүктүн жалпы суммасы 200миң сомду түздү.