Ош шаарында милиция кызматкерлери топтолуп турган такси айдоочуларга эскертүү беришти. Карантин учурунда айдоочулар унааларын чыгып бир жерде топтолуп сүйлөшүп турушкан.
“Өзгөчө абал уланып жатат, аны эч ким токтоткон жок. Таксиге уруксат берилгени менен силер талаптарды бузуп жатпайсыңарбы. Силерге кантип, кайсы тилде түшүндүрүш керек? Унааңардан чыкпай отургула, силер чогулуп отурасыңар“,- деп ачууланды Тергөө кызматынын башчысы Алмаз Кадыров.
Таксисттерге бул жолкусун эскертип, дагы кайталнса кылмыш козголорун айтты.
Урматтуу таксисттер!Медициналык беткабыңыздарды милицияга көрсөтмө үчүн эмес, өзүңүздөрдүн, жакындарыңыздын, улуттун саламаттыгы үчүн тагынуу керектигин эсиңиздерден чыгарбашыңыздар керек!
Опубликовано Замиром Сыдыковым Воскресенье, 3 мая 2020 г.