Таксисттер жана сулуулук салондору санитардык-карантиндик талаптарды аткарбай жатат

618

Бишкек шаарында 1-майдан тарта иштеп баштаган айрым ишканалар санитардык-карантиндик талаптарды аткарбай жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, 1-майдан тарта Бишкек шаарында айрым ишканалар, курулуш мекемелери жана такси кызматы ишин баштаган.

Тилекке каршы, алар санитардык-карантиндик талаптарды аткарбай жатат. Алсак, такси кызматынын айдоочулары беткап, уруксат кагазы, патенти жок жана жүргүнчүлөрдүн санына карабай иштеп жатат. Мындан сырткары, чач тарач, сулуулук салонунда иштегендер да беткабы жок ишин алып барууда. Ошондуктан жогоруда айтып кеткен ишкер, кызматкерлерге кайрылат элем, санитардык-карантиндик талаптарды катуу көзөмөлгө алыңыздар“, – дейт ал.

Бишкек шаарынын коменданты 10-майга чейин узартылганган өзгөчө абалдын талаптарын сактоого чакырат.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь