Японияда өзгөчө абал режими 31-майга чейин узартылды

365

Японияда өзгөчө абал режими 31-майга чейин узартылды. Өлкөнүн премьер-министри Синдзо Абэ жекшемби күнү министрлер менен өткөргөн жыйналышта өзгөчө абал режимин узартуу сунушталган.

Япониядагы азыркы режим 6-майда бүтөт. Ошондой эле бийлик айрым чектөөлөрдү акырындык менен ала баштаары айтылат.

Коронавирус жуктуруунун жаңы учурлары азайганына карабастан өзгөчө абал режимин узартуу чечими кабыл алынды. Жапон басылмалары жазган маалыматта, өлкөдө медициналык кадрдын жетишсиздиги жаралып, ал эми экономикалык активдүүлүк төмөнгө түштү.

Бүгүнкү күнгө карата Японияда коронавирус жуктургандардын саны 14,8 миңди түзөт, алардын ичинен 487си каза тапты.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь