Бүгүнкү күндө Бишкек ликер-арак заводунун мыйзамсыз банкрот болушу боюнча УКМК териштирүү жургүзүп жатат. Бул тууралуу активист Мелис Аспеков “Элдик медиага” билдирди.
Анын айтымында Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, башкы көзөмөл органы аталган заводдун кантип банкрот болгонун иликтөөгө алган.
Белгилей кетсек, Мелис Аспеков КСДП фракциясынын депутаты Чыныбай Турсунбеков рейдерлик жол менен «АкылИнвестБанк» менен Бишкектеги ликер-арак заводун басып алганын айтып чыккан. Ал Турсунбековго таандык мүлктөр боюнча жеке иликтөөсүн жүргүзгөн. Натыйжада депутатты күч менен ээлик кылуу жана салык төлөөдөн качкандыгын айыптаган. Чыныбай Турсунбековдун ишмердигин, чогулткан мүлкүнүн мыйзамдуулугун толук текшерүү өтүнүчү менен башкы прокурорго кайрылган болчу.
Ал эми Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков өз дарегине айтылган айыптоолорду четке кагып келет.