Жарандар коронавирусту кайдан жуктуруп алып жаткандары айтылды

412

Кыргызстандагы ооруну жуктуруунун себептери жана булактары жөнүндөгү суроого: “Коронавирус жуктуруп алуунун көпчүлүгү байланышта болгон жактардан аныкталып жатат. Ошондуктан биз бардык байланышта болгондорду аныктоого аракет кылып, көзөмөлдөп жатабыз, мындай учурда бизге кээде атайын кызматтар жардам беришүүдө”, – деп жооп берди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Эпидемиологиялык ийри тыныгуу тартибинде сиздер көрүп жаткандай оорунун жогорку чокусунан кутула алдык. Акыркы күндөрү илдеттин саны 30 учурдан ашкан жок. Ошондуктан, белгилеп кетким келет, жарандар бири-бири менен абдан көп байланышта болуп жатат, бул эпидкырдаалды начарлатышы мүмкүн. Жарандардын санитардык эрежелерди сактап, байланышты азайтышы керектигин өтүнүп кетет элем”, – деп белгиледи Нурболот Үсөнбаев.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь