Владимир Путин Ким Чен Ынды “Жеңиштин 75 жылдыгы” медалы менен сыйлады

335

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын “1941-1945 жж Улу Ата Мекендик Согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы” медалы менен сыйланды.

КЭДР лидерин сыйлоо тууралуу Пхеньяндагы орус элчилиги кабарлаган. Алар Владимир Путиндин буйругуна шилтеме беришкен.

36 жаштагы Ким Чен Ын сыйлыкты “согуштан курман болгондордун атын түбөлүккө калтыруудагы жана КЭДР аймагындагы советтик жарандардын сөөктөрүнүн калдыктарын көмүүдөгү салымы үчүн” берилгени айтылат. 5-май күнү орус элчиси Александр Мацегор медалды салтанаттуу түрдө КЭДР тышкы иштер министри Ли Сон Гвондун колуна бергени кабарланды.

“Улуу ата мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата мааракелик медалды негиздөө” тууралуу жарлыкка Путин өткөн жылдын 13-июнунда кол койгон эле. Орусияда бул медаль менен согуштун жана эмгектин ардагерлерин сыйлашты. Анын жобосунда согушка катыштыгы болгон, жеңишке салым кошкон кишилерди сыйлоо тууралуу айтылган. Ошондой эле концлагерлерде кармалган ошол маалдагы өспүрүмдөргө дагы медалды ыйгаруу жагы каралган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь