Кубанычбек Жумалиев “коррупцияга аралашкан эмесмин”деп Куран кармап карганды (видео)

321

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев байлыгын 1 миллин долларга жетпейт деп санады. Бул чын экенин далилдөө үчүн активист Мелис Аспеков Куран китепти алып чыгып колуна карматты.

Депутат баш тартпастан ыйык Рамазан айында Куран китебин кармап карганды.

“Урматтуу кыргыз элим, мен Жумалиев Кубанычбек 1992-2005-жылга чейинки учурда иштегени бир дагы коррупциялык иштерге катышкан эмесмин. Экинчиден, менин туугандарым сурап келгенде интеллектуалдык деңгээлим менен идеямды айтып, алар өз тапкан акчасына иштеп жаытшат. Мен мусулман катары айтайын, кайсы учурда болбосун эң таза жана так жүргөн адам катары жүрөм. 13 жыл бою финансылык мүчүлүштүктөргө алып келген бюджеттин акчасын жеген эмесмин, эч кимге жамандык кылган эмесмин. Ошондуктан мен Куранды кармап айтамын, мен эч качан 2,5 миллиард доллар акчам жок. Андайды апыртып жаткан Сыймык уят болот, айтпай жүрсүн деди“,- деди депутат Куран китеп колуна кармап.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь