3-майда Дубайдан учуп келген 11 кыргызстандыкты Ысык-Көл облусуна алып кетишти. Бүгүн 5-майда алар Ак-Кеме мейманканасынан тийиштүү кызматтын кызматкерлеринин коштоосунда Ысык-Көлгө жөнөштү. Бардыгы тең обсервацияга жаткырылат.
Эске салсак, 3-майда «Манас» эл аралык аэропортунда Дубай—Бишкек чартердик каттамы аркылуу «Fly Dubai» авиакомпаниясынын учагы менен Кыргызстандын 180 жараны учуп келген.