Блогер жана мурдагы прокурор Сыймык Жапыкеев Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевди коррупцияга айыптап, бүгүнкү күндө анын байлыгы 2,5 миллиард долларды түзөрүн айтып чыккан.
Бүгүн бул айыптоолорго депутат түз эфирде жооп берип жатып Жапыкеевдин “10 миңдеген спортсмен жигиттер менен үйүн басып алууга барабыз деп үгүттөгөнү туура эмес” деп сындады. Эгерде кандайдыр бир мыйзам бузган маалыматтары болсо, укутук талаада териштирилсин деди.
Активист Мелис Аспеков “депутаттар, жарандык коомдон турган комиссия түзүлүп мүлкүңүздү текшерсе макулсузбу?” деген суроону депутатка узатты.
Бирок Кубанычбек Жумалиев мүлкүн текшертүүгө макул эместигин жооп берди.