Бүгүн, 5-майда саат 12:15ке карата Казакстанда дагы 39 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу өлкүнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Жаңы учурлар Алматы (18), Нур-Султан (5) шаарларында, Атырау (4), Костанай (3), Актөбө (3), Павлодар (2), Караганда (2), Алматы (1) жана Мангистау (1) облустарында катталды. Муну менен Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 4160 адамга жетти.