Вампирлердин жашоосун баяндаган “Күүгүм” чыгармасынын автору Стефани Майер жаңы китеп чыгаруу алдында турат.
Жаңы китеп “Түн ортосундагы күн” (“Солнце полуночи”) деп атылып, сатыкка 4-августта чыгат. Бул тууралуу Стефани Майер “Good Morning America” телешоудо түз эфирде билдирди.
Окурмандарга кыска кайрылуусунда Майер жөн гана аларды пандемия фонунан алаксытууну каалагандыгын айтты.
Айта кетсек, Майер аталган китепти 2008-жылы эле чыгармак болгон. Бирок чыгарманын айрым бөлүктөрү интернетке тарап кеткендиктен, ал чыгарма жарык көргөн эмес.
Stephenie Meyer on new book 'Midnight Sun' which comes out August 4: “Hopefully this book can be a fun distraction from the real world. I'm so excited to finally be able to share it with you." https://t.co/rJFjktp50S pic.twitter.com/hdp1xgsiKX
— Good Morning America (@GMA) May 4, 2020