Министрлик: Борборго кире турган негизги жолдордогу тосмолордо унаалардын тыгыны жаралып жатат

202

Бишкек шаарынын комендатурасы өзгөчө абал учурунда тийиштүү мамлекеттик кызматтар тарабынан жүргүзүлүп жаткан бардык иш-чаралар биринчи кезекте жарандардын ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылууга багытталгандыгын эске салат.

Ишкердиктин айрым түрлөрүнүн иши жандандырылгандыгына байланыштуу, борборго кире турган негизги жолдордогу тосмолордо автоунаалардын тыгыны жана кезек күтүүлөрү жаралып жатат.

Мындай шарттарда саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери ар бир айдоочунун жана жүргүнчүнүн дене табын текшергендигинин,
укук коргоо органдарынын кызматкерлери жарандардын өздүгүн күбөлөндүргөн документтерге текшерүү жүргүзүп жаткандыгынын натыйжасында автоунаалардын тыгындары пайда болуп калышы ыктымал.

Бишкек шаарынын комендатурасы бардык жарандар түзүлгөн кырдаалдарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт. Биздин негизги милдет — сиздин ден соолугуңуздун коопсуздугу.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь