Сапар Исаковдун кандай абакта олтурганы көрсөтүлдү (Сүрөт)

1 092

22-апрелде Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын атайын комиссиясы тарабынан мурунку премьер-министр Сапар Исаков жаза өтөй турган жер аныкталган.

Эки инстанциядагы соттун чечими менен Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 43-беренесинин 2-бөлүгүнүн, 319-беренесинин 2-бөлүгү (2017-жылы киргизилген өзгөртүүлөр боюнча) боюнча күнөөлүү деп табылып, анын негизинде 6 категория боюнча 15 жылга эркинен ажыратылган.

Комиссиянын чечими менен Исаков СИЗО-1 мекемесинен Чүй облусунун Москва районундагы Петровка айылында жайгашкан жалпы режимдеги №8 түзөтүү абагына которулган.

Бул абак 1969-жылы курулган. Чүй областындагы  Петровка районунда жайгашкан. Орточо эсеп менен алганда  бул түрмөдө миң адам кармалат. Абактын аймагы бир кабаттуу жашоочу барак,  беш эки кабаттуу батир, жана бир үч кабаттуу имарат жайгашкан.

Булак: Barakelde.org

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь