Ырчы Юлдуз Усманова мыйзамга ылайык жазалана турган болду

1 591

Өзбекстандын укук коргоо органдары ырчы Юлдуз Усманованын аракетине укуктук баа беришет. Бул тууралуу ички иштер министрлиги билдирет.

Ведомстводон белгилегендей, ырчы өлкөнүн мыйзамына ылайык өз жазасын алат. Учурда окуянын чоо-жайы териштирилүүдө.

Маалыматка ылайык, эл артисти саат 00:10до Сырдария облусуна гуманитардык жүк жеткирүү үчүн милиция кызматкерлеринин коштоп баруусун суранган. Эрежеге ылайык, аталган облуска күндүз баруусу керектигин ырчыга жооп беришкен. Андан кийин ырчы өзүнүн Инстаграмдагы түз эфиринде укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кемсинткен.

Өз кезегинде Өзбекстандын Маданият министрлиги Юлдуз Усманованын Инстаграмдагы “түз эфиринде” милицияны сындаганына нааразычылыгын билдирди.

«Юлдуз Усманованын биздин өлкөгө келген сыноолор учурунда айткан ой-пикирлери орунсуз. Үй-бүлөлөрүн көрбөй керек болсо эки айдан бери үйүнө барбай жүргөндөрүнө ички иштер органдарынын кызматкерлери социалдык тармак аркылуу нааразылыгын билдирбей эле, артисттин кабары жок окшойт», – деп айтылат министрликтин маалыматында.

Усманова укук коргоо органынын кызматкерлерине кайрылып жатып: “Силер азыр ар күнү клизма жазай турган Каримовдун мезгилинде жашабай элесиңер” деген.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь