Ысык-Көлдө коронавирус жуктурган бир дагы жаран жок, бардыгы айыкты (видео)

320

Бүгүн 5-майда Балыкчы шаарынан COVID-19 илдети менен ооруган акыркы бейтап айыгып чыкты. Бул маалымат облустук ыкчам штабынын отурумунда айтылды.

Эске салсак, буга чейин Ысык-Көл областы боюнча коронавирус менен ооругандардын 10 учуру катталган. Алардын баары айыгып үй карантинине жиберилген.

Бүгүн коронавирус жуктурган акыркы бейтап ооруканадан чыгарылды. Учурда облуста коронавирус менен ооругандар жок”, – деди Саламаттык сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча координатору Мирбек Сагынбаев билдирди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь