Өткөн сутка ичинде Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында COVID-19 вирусунан 69 жаштагы 1 бейтап каза болду.
“Анда ошондой эле пневмония, үчүнчү даражадагы курч мүнөздөгү дем жетишсиздиги жана баш мээсинде шишик диагноздолгон. Мындан тышкары бейтап кант диабетинен жабыркап, инсулин алчу,” – деп билдирди саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.
Кыргызстанда коронавирус инфекциясы диагнозу менен жалпы 11 киши көз жумду.