Эртең, 6-майда түнкүсүн жана күндүз дагы айрым аймактарда жаан жаашы мүмкүн, деп маалымдайт Кыргызгидромет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24;
Талас жергесинде түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21;
Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11, күндүз 21…23 градус болот.