Азыгалиев: Жылдын аягына чейин бир нече мектептерди ачуу жана реконструкциялоо иштери бүткөрүлөт

240

“Окуу орундарын көбөйтүү максатында быйылкы жылы жалпы аянты 1238 чарчы метр болгон 198 окуу орундугун түзгөн №19 орто мектебин ачуу жана пайдаланууга киргизүү каралган, сентябрда ачабыз”, – деп билдирди вице-мэр Уланбек Азыгалиев.

Анын айтымында, айрым мектептерди реконструкциялоо иштери жүрүүдө. Жалпы аянты 2040 чарчы метр болгон №6 мектеп-гимназиясына 3 кабаттуу имараттын курулушун баштоо пландаштырылууда.

Ошондой эле, жылдын аягына чейин Чыгыш-5 кичирайонундагы жалпы аянты 2261 чарчы метрди түзгөн олимпиадалык резервдин балдар-өспүрүмдөр мектебинин курулушун аяктоо жана пайдаланууга берүү пландалууда.

Мындан тышкары, Азербайжан Республикасынын каражатынын эсебинен “Көк-Жар” конушунда жалпы аянты 5345 чарчы метрди түзгөн 550 окуу орундугунун курулушу жүрүп жатат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь