Алай районунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды

373

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 16:50дө Кыргызстан менен Кытайдын чектешкен аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура, Иркештам айылдарында 6 балл, Көк-Суу айылында 5 балл, Кара-Киндик, Кичи-Каракол, Чий-Талаа, Кызыл-Алай, Арча-Булак айылдарында 4 балл, Гүлчө, Суфи-Курган, Таш-Короо, Кара-Шоро айылдарында жана Ош шаарында 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь