Бүгүнкү күндө өзгөчө кырдаалдар министрлигинде бир тик учак бар, ал дагы бузук экенин министр Замирбек Аскаров парламенттин жыйынында депутат Тазабек Икрамовдун суроосуна жооп берип жатып билдирди. Мындан тышкары куткаруу иштерин аткарууга 4 кайык бар деп жооп берди.
“Вертолётуңар жок болсо, министрлерди гана куткара турчу кайыгыңар бар экен да”,- деген депутат, табигый кырсык боло турган болсо ӨКМ элди куткара турган мекеме экенин эскертти.