Быйыл Бишкекте бир нече сейил бак курулат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын вице-мэри Уланбек Азыгалиев билдирди.
Анын айтымында, учурда Байтик Баатыр менен Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде аянты 10 гектар болгон сейил бактын курулушу жүрүүдө.
“Сейил бак “Балалык” деп аталат. Ал жерде 3 фонтан салынып, 900 бак-бадал тигилет. Жай айынын аягына чейин Манас менен Боталиев көчөсүндө аянты 7,5 гектар сейил бактын курулушу бүткөрүлөт. Анын аймагында волейбол, кичи футбол жаан баскетбол ойноо, скейт жана велосипед тебүү үчүн аянтчалар ж.б. болот”, – деди Азыгалиев.
Ал эми Азербайжандын элчилиги менен түзүлгөн “Гейдар Алиев атындагы сейил бактын курулушу боюнча кызматташуу тууралуу” меморандумду ишке ашыруунун алкагында Азербайжандын эсебинен шаардын түштүк бөлүгүндө аянты 5,5 гектар сейил бактын курулушу жүрүүдө.
Эске салсак, Бишкек мэриясы 4-апрелде Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин атынан коюлган сейил бак курулуп бүткөнүн билдирген. Жалпы аянты 10 гектарды ээлейт. Шаардык бюджеттен сейил бакты курууга 48 миллион сом бөлүнгөн.
Эс алуу жайы Көкчөтай менен Түлөбердиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.