Жайыл районунда 60дай эне жардам ала албай жаткандарын айтышты (видео)

829

Чүй облусунун Жайыл районунун жана Кара-Балта шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга карантин убагында гуманитардык жардам берилбей жатат. Бул тууралуу “Элдик медиага” балдардын энелери билдирди.

Маалыматка караганда, жардамга муктаж үй-бүлөлөр Кара-Балта шаарынын мэри Данияр Шабдановго жана Жайыл районунун акими Турусбек Ногоевго бир канча жолу кайрылып, бирок жыйынтык чыкпай жатканына нааразы.

6-май күнү 60га жакын эне Кара-Балта шаарынын мэриясынын алдына келишкен. Алардын айтымында мэриянын кызматкерлери кабыл албай коюшкан.

Буга чейин Жайыл районунун Алексеевка айылындагы мүмкүнчүлүгү чектелген 3 балага гуманитардык жардам берилди деп жалган маалыматты базага киргизишкен дейт энелердин бири. Бирок алардын ата-энелери жардам берилбегенин айтып акимчиликке кайрылышкан. Мындан сырткары Полтавка айылындагы мүмкүнчүлүгү чектелген баланын энесине жардам келбегенин айтып чыкканда, айыл өкмөт башчы участкалык милиция менен барып коркутуп кеткенин кошумчалашты.

“Өкмөт биздей жардамга муктаждарга көңүл бурбаса, башка кимди карайт. Гуманитардык жардам бизге жетпей жатат. Жыргаганыбыздан биз эшик каккылап, күнгө какталып жүргөн жерибиз жок да”,-дейт Бекитай айлынын тургуну Айнура Моңолдорова.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь