Жардын боюндагы жарымын сел алып кеткен үйгө кандай жардам көрсөтүлөт?

440

“Жардын боюндагы жарымын сел алып кеткен үй мыйзамсыз, ал жерде эч ким жашабайт. Бүгүнкү күндө үй толугу менен бузулду”. Бул тууралуу бүгүн, 6-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында вице-премьер Акрам Мадумаров билдирди.

Төраганын орун басары Аида Касымалиева Баткен облусунда төрт үй жабыркаса алардын  бирөөсү гана камсыздандырылганын айтып: “Ошондуктан Өкмөттүн жооптуу адистери барып үймө үй кыдырып түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек”,– деди.

Ал эми депутат Аалы Карашев Баткен облусу сыяктуу эле Өзгөн районундагы айылдарды дагы кылдат көзөмөлгө алып планга киргизип коюу сунушун берди. Себеби, депутаттын пикиринде аталган райондо дагы жаз айында көп учурда сел жүрөт.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь