Бүгүн, 6-майга караган түнү өзгөчө абал режими бар аймактарда коменданттык сааттын эрежелерин бузган 144 адам кармалды. Алар аймактагы милиция бөлүмдөрүнө жеткирилип, 6 автоунаа айып короого токтотулганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ат-Башы районунда өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылган. Коменданттык сааттын убактысы 21:00 – 06:00 аралыгы.
Бүгүн түнү кармалган жарандар:
– Бишкек шаарында 122 адам;
– Ош шаарында 6 адам;
– Жалал-Абад шаарында 9 адам;
– Ат-Башы районунда 7 адам.
Коменданттык саат башталган 25-марттан бери жалпы 4559 адам кармалган.