Латвия, Литва, Эстония өз ара чек араларын ачып, саякатчылары үчүн каттамды жандандырат

259

Латвиянын, Литванын жана Эстониянын премьер-министрлери 15-майдан тартып өз ара чек араларын ачып, саякатчылары үчүн каттамды жандандырууну макулдашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка караганда, коронавируска байланыштуу көпчүлүк мүчөлөрү чек араларын жаап алган Евробиримдиктеги алгачкы биргелешкен саякат аймагы болмокчу.

«Балтика боюндагы бардык үч өлкө коронавирустун таралышын жетиштүү ооздуктай алганына ынандык. Биз бири-бирибиздин саламаттык сактоо системабызга ишенебиз», деп Литванын өкмөт башчысы Саулюс Сквернялис 6-майда «Фейсбукка» жазды.

Ал эми башка өлкөдөн келгендер 14 күндүк элден обочолонуу режимин сакташы керек.

Чек араны башка да айрым дүйнө өлкөлөрү тандоо жолу менен ачып атышат. Австралия менен Жаңы Зеландия Тасман деңизи аркылуу саякат аймагын түзүүгө киришкен.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь