Селдин кесепетинен Баткен облусунда 55 миллион 276миң сом зыян келтирилген. Ал эми Жалал-Абад облусунда канча зыянга учураганы бүгүн аныкталат деп билдирет ӨКМдин министри Замирбек Аскарбеков.
“Лейлек району боюнча төрт үйгө суу кирген, бирок бирөө гана камсыздандырылган. Бул боюнча атайын комиссия иштеп жатат“,- деп маалымдады вице-премьер-министр Акрам Мадумаров бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында.
Турак-жайды милдеттүү камсыздандырууда Баткен облусунун Лейлек району эң төмөнкү көрсөткүчтү көрсөттү деп белгиледи Мадумаров.
“Жабыркагандарды атайын комиссия иликтеген соң, камсыздандырылган үйгө 500 миң сомго чейин жардам көрсөтүлөт”,- деп айтты.