Москвада Кыргызстандын тургуну полицияга кол көтөрдү (ВИДЕО)

848

Москвада Кыргызстандын тургуну полиция кызматкерлерине кол көтөрдү. 30-апрель күнү үйлөрдүн биринин алдынан жөнөкөй жаран менен укук коргоо органынын кызматкерлери жулкулдашкан.

Белгилүү болгондой кол салган жаран 2009-жылга чейин Кыргызстандын жараны болгон. Ал карантин учурунда өзүн-өзү обочолоо эрежесин бузган. Полиция жаранды токтотуп паспортун текшерүүгө алганда, ал каршылык көрсөтүп, кол салган. Ал күнү мас абалда болгонун өзү суракта тастыктады.

Ал буга чейин дгы соттолгону жана Москвада эч бир жерде каттоодо турбаганы белгилүү болду. Аталган факт боюнча “Бийлик өкүлүнө кол салуу” беренеси менен кылмыш иши козголду. Сот Махмуджан Матмусаевди тилкат менен үйүнө чыгарды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь