Азыркы учурда, Нарын облусунда COVID-19 вирусу менен 103 учур катталган. Бул тууралуу онлайн брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин Нарын облусундагы координатору Мурат Алияскаров билдирди.
Анын айтымында, жуккандардын бешөөсүндө гана оорунун клиникалык белгилери билинген, калган жарандарда илдет симптому жок өтүп жатат. Бардык ооруканалар жана бейтаптар тийиштүү дары-дармектер, керектүү каражаттар менен камсыздалган.