Коронавирус пандемиясынан улам Таиландга туристтердин келүүсү азайып, 300 миңдей жергиликтүү сойкулар киреше таба албай калышты. Кризис өзгөчө Паттайя шаарына таасирин тийгизди, учурда эң белгилүү делген кумарканалар жабык турат.
Сойкулук Таиландда өзгөчө популярдуулукка айланган, бирок бул иш менен алектенүү аталган өлкөдө мыйзамдуу деп саналбайт. Дүйнөлүк басылмалар жазган маалыматта, сойкулук менен байланышкан бизнес өлкөгө көптөгөн туристтерди өздөрү менен кошо акча алып келе тургандыгын белгилейт.
Түнкү көпөлөктөрдүн басымдуулугу тапкан акчасына балдарын, ата-энесин камсыздашат. Учурда киреше табуу булагы токтоп тургандыктан, бул чоң көйгөйгө алып барышы мүмкүн.
Таиландда коронавирус жуктургандардын саны 2987, алардын ичинен 54 адам каза тапты.