“Сосновкадан кайра артка кайткан” Министр сел алган аймакка эмнеге барбаганын айтты (ВИДЕО)

680

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровду эмнеге сел алган аймактарга барган жоксуз деп сындады.

Эмне себептен өзүңүз ордуна барып көрүп, ошол жерден иш-чараларды уюштурган жоксуз?“,-деген суроону узатты.

Министр Жогорку Кеңештеги отурумга катышуу үчүн жолдо бара жаткан жеринен Сосновкадан артка кайтканын айтты.

“Замирбек Марипбаевич төрт күн өттү, сиз үчүндө же төртүндө деле барсаңыз болмок, бүгүн Жогорку Кеңештеги отурумду эки күн мурда угуп кайтып келгениңиз бир аз чындыкка дал келбей калып жатат“,- деди Мирлан Жээнчороев.

Замирбек Аскаров орун басарын тийиштүү топ менен жөнөткөнүн жана ал жакта вице-премьер-министр болгонун кошумчалады.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь