Ысык-Көл облусунун аймагына кирген жарандар 14 күндүк үй карантинине алынат. Бул тууралуу облустук ыкчам штабдын отурумунда маалым болду.
Облустук штабдан кабарлашкандай, жарандардын аймакка кирип-чыгуусуна тыюу салуу боюнча 3-майдагы чечим күчүндө калтырылды, ал эми Ысык-Көл облусуна кирүү шартына өзгөртүү киргизилген.
Эми облус аймагына кирип келе жаткан жарандардан COVID-19 инфекциясынын жоктугу тууралуу маалымкат талап кылынбайт, бирок алар 14 күндүк үй карантинине алынат.