6-7-май күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы сакталат. Мындан улам тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү коркунучу сакталат деп эскертти Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.
Өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Айрым тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.