6-май: Дагы 28 адам коронавируска кабылды, төртөө дарыгер

280

2020-жылдын 6-майына карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 28 учур катталды:
Бишкек ш. – 16
Чүй облусу – 2
Жалал-Абад облусу – 6
Баткен облусу – 4

Бир сутка ичинде өлкө боюнча Бишкек шаарында 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 221 учур катталды, алардын ичинен 154 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруунун жалпы 871 учуру катталды.

Стационарда – 245, алардын ичинен реанимацияда – 4
Ооруканадан чыгарылды – 614
Каза тапты – 12

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь