Эртең, 7-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, деп маалымдайт Кыргызгидромет. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;
Талас жергесинде түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22;
Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 24…26 градус болот.